Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 3 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 3 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Базар-Коргон районуна караштуу Бешик-Жон айыл өкмөтүндөгү үйлөрдүн биринен өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 50 чарчы метр, жыгач устундуу, шифер жабылган сарайдын чатыры, 2 тонна беде толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Ошондой эле Ысык-Көл районуна караштуу Ананьево айылындагы турак жайлардын биринен өрт чыкты. Анын кесепетинен 9 чарчы метр мордун тегереги жана 3 чарчы метр жыгач шыбы күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна мештин жана мордун туура эмес түзүлүшү себеп болгон.