Борбордогу кичи райондордун биринен мыйзамсыз сакталган курал-жарактардын ок-дарылары алынды. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, курал-жарактар жүргүзүлгөн рейддин алкагында Улан кичи районундагы гараждардын биринен табылган. Иликтөөдө ал 58 жаштагы М.А. аттуу жаранга таандык экени белгилүү болгон. Милиция кызматкерлери тарабынан М.А. аттуу жаран Октябрь райондук ИИБине жеткирилген. Анын айтымына караганда, ал мергенчи, ошондой эле мергенчиликке пайдалануучу курал-жарактарды оңдоо менен алектенет. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.