"Алманбет Анапияевдин өлтүрүлгөнү боюнча маалымат такталууда". Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бул факт боюнча Ички иштер министрлигинин жетекчилиги Беларустун күч органдары менен байланышкан. Анда алар каза тапкан адамдын өң-келбети Алманбет Анапияевдикине окшош экенин айтышкан. Учурда тактоо иштери жүрүүдө.
Ал эми Алманбет Анапияевдин жактоочусу Данияр Маманов: “Азырынча бул маалымат тактала элек. Ал жакка туугандарынан бирөө-жарым барып, чын эле Анапияев экенин аныкташы керек. Окуя болгон жерден табылган паспорттогу сүрөт Анапияевдики, бирок паспорт Шакиров Алмазбек Мийзамовичтин атына берилген экен”,- деди.
Беларусь маалымат каражаттары болсо 18-февраль күнү Минск шаарындагы көчөлөрдүн биринен белгисиз адамдын мууздалып өлтүрүлгөн жансыз денеси Мерседес унаасынын багажнигинен табылганын жазышкан. Ошондой эле жансыз дененин жанында Анапияевдин сүрөтү чапталган Шакиров Алмазбек Мийзамовичтин атына берилген паспорт да болгон.
Буга чейин өлкөдөгү айрым маалымат каражаттары Алманбет Анапияевдин Беларуста атылып өлтүрүлгөнүн жазышкан.
Алманбет Анапияев бир канча беренелер боюнча айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн. Анын уюшкан кылмыштуу топтун лидери жана "кримавторитет" Камчы Көлбаевдин жакын адамы экени айтылып келет.