Бишкекте дайынсыз делип изделип жаткан 17 жаштагы Адеми Думанаева табылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда жакын туугандарынын бири Саламат Акматбеков билдирди.
“Адеминин табылганын туугандары телефон чалып айтышты. Бирок менде анын кайда жүргөнү боюнча маалымат жок”,- деди Акматбеков.
Айта кетсек, Адеми Думанаева 17-февраль күнү саат 20:00 чамасында чоң энесиникине баруу үчүн үйүнөн чыгып кеткен. Бирок ал жакка барган эмес.