Бишкекте жаштар арасында грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш аяктады

10-февралда Бишкек шаарында өткөн жаштар арасында грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш аяктады. КРнын Грек-рим Федерациясы билдиргендей, бул мелдешке 300 спортчу катышты. Орундар боюнча айтсак, 42 килограммдык салмакта кыргызстандык Акжол Махмудов 1-орунду алды. Ал эми 85-100 килограммдык салмактагы күрөшчүлөрдүн беттешинде дагы бир мекендешибиз Ереши Оринбасаров 1-орунду алды. Мындан сырткары 46, 58, 63, 69, 76 килограммдык салмакта күрөш жүргүзгөн кыргыз балбандары 1-орунду алышты. Ал эми 50, 54, 85 килограммдык мелдеште казак спортчулары биринчиликти алышты.  

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан