Бишкекте алдамчылыкка шектелип Кытайдын жараны кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип Кытайдын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Таш-Көмүр шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал Казакстандын тургуну ишеничине кирип, жүк ташуучу унаа сатып берүү убадасы менен 5 миң доллар алып, качып кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү Кытай Эл Республикасынын жараны кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан