"Адам өлтүрүүгө буюртма берген" деп шектелип Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Марказ айылынын 39 жаштагы тургуну З.Б. кармалды. Бул тууралуу 20-февралда Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүү ошол эле айылдын тургуну, мурда "киши өлтүрүү" беренеси менен соттолгон К.Дга кайрылып, учурда Орусиянын Красноярск шаарында иштеп жүргөн классташы О.Кны өлтүрүүгө буюртма берген. Ошондой эле ага 150 миң сом берүүнү убадалап, алдын ала 5000 сом берген.
Баткен ОИИБинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Орусияга кетүүгө даярданып жаткан К.Д. колго түшкөн.
Азыркы тапта адам өлтүрүүгө буюртма берген Марказ айылынын 39 жаштагы тургуну З.Бнын үстүнөн кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.