Борбор калаада 15 миң доллар акча каражатын уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 38 жаштагы шаардын тургуну кайрылган. Анда ал анын "Дордой" базарында анын товарларын сатып иштеген аял 2-3 ай аралыгында 15 миң доллар акчасын уурдап алганын айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 44 жаштагы Аламүдүн районунун тургуну кармалды. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.