2014-жылы Нарын облусунда ымыркайды таштоо боюнча 18 факты катталган

2014-жылы Нарын облусунда ымыркайды таштоо боюнча 18 факты катталган. Аларды белгисиз адамдар тургундардын үйүнүн алдына таштап кетишкен. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Ал эми 2015-жылдын башынан бери облус аймагында ымыркайды таштоо боюнча эки факты катталган.

Айта кетсек, 2015-жылдын 26-январынан 27-январга караган түнү белгисиз адамдар Ат-Башы районунда Н.О. аттуу тургундун үйүнүн алдына жаңы төрөлгөн ымыркайды таштап кетишкен. Үй ээси бул боюнча милиция кызматкерлерине кайрылган. Дарыгерлердин айтымында, баланын төрөлгөнүнө 15 күн болгон. Учурда ташталган ымыркайдын энеси изделүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан