"Алманбет Анапияев" деп божомолдонгон жансыз дененин жанынан табылган паспорттун ээси Орусияда

"Алманбет Анапияев" деп божомолдонгон жансыз дененин жанынан табылган паспорттун ээси Орусияда. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Шакиров Алмазбек Мийзамович учурда Орусияда. Ал бир канча жыл мурун бул өлкөнүн жарандыгын алып, кийин паспортун жоготуп алган. Анын кылмыштуу топтор менен эч кандай байланышы жок.

Айта кетсек, кечээ, 19-февраль күнү өлкөдөгү айрым массалык маалымат каражаттары Минскте белгисиз адамдар тарабынан Алманбет Анапияевдин өлтүрүлгөнүн жазып чыгышкан. Ошондой эле жансыз дененин жанында Анапияевдин сүрөтү чапталган Шакиров Алмазбек Мийзамовичтин атына берилген паспорт да болгон. 

юшкан кылмыштуу топтун лидери Алманбет Анапияевдин сөөгү" деп божомолдонгон жансыз дене Минсктеги унаа токтотуучу жайлардын биринен кымбат баалуу унаанын багажынан табылган. Айрым ММКлар анын сөөгү батирден табылганын жазып чыгышкан эле. Азырынча Кыргызстандын Ички иштер министрлиги каза болгон жаран Алманбет Анапияев экенин тастыктай элек. Ал эми Беларустун Тергөө комитети Минск шаарында унаадан табылган жансыз дене боюнча расмий билдирүү таратты. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Факты боюнча бир канча версиялар каралып, азыркы тапта маркумдун өздүгүн тактоо боюнча иштер жүрүүдө. 

Айта кетсек, Алманбет Анапияев бир канча беренелер боюнча айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн. Анын уюшкан кылмыштуу топтун лидери жана "кримавторитет" Камчы Көлбаевдин жакын адамы экени айтылып келет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
erikkarakulja
2015-02-20 21:42:11
Алманбет сактап калган ошту эгер бул болбогондо оштон айрылып калмакбыз 2010жылы.
+8
Nur45
2015-02-21 00:42:47
erikkarakulja, эн тура эгер ушул патриотубуз да каза болуп калса. Оштого озбек туугандарыбызга кудай берип калат экен да, Байаман олгондо да Тоо сойуп той кылып жиберди эле.
+2
kani_9090
2015-02-20 22:22:50
Бул башкарган кыргыз саясатынын озогу башка.буга чейин батукаев кетти аны унутпоо керек.селер ойлосунар биздин президент озу мамлекетти башкарат деп Жоок андан да чону бар ошолор башкарат кыргызстанды.мен селерге айтсам саясат жонундо бир сериал бар аны путин да коргон"долина волков западня" корсонор тушуносунор.
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан