Санкт-Петербургда мигрант "5 жаштагы кызды зордуктаган" деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, 19-февраль күнү саат 6:30 чамасында полицияга жакынкы чет өлкөлөрдүн биринин 34 жаштагы жараны кайрылган. Анда ал 5 жаштагы кызын белгисиз адам зордуктаганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 22 жаштагы жаран кармалган.
Орусиялык айрым басылмалар зордуктоого шектелген жаран кыргызстандык экенин жазып чыгышты. Ал эми расмий маалыматта кылмышка шектүүнүн жарандыгы көрсөтүлгөн эмес.