Өткөн аптада борбор калаада жүргүзүлгөн рейддин алкагында мас абалда унаа башкарып жүргөн 53 айдоочу кармалган. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаада 12-февралдан 18-февралга чейин Жол-кайгуул кызматы рейд жүргүзгөн. Анын алкагында 4816 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган.
Рейддин алкагында айып пул төлөөчү жайга 264 унаа жеткирилип, 700 айдоочуга унаа айдап баратып уюлдук телефон менен сүйлөшкөнү үчүн айып пул салынган. 630 айдоочу унаа айдап баратканда коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн токтотулган. 214 айдоочунун эч кандай документи жок унаа айдап жүргөнү аныкталган.