Эжесинин 9 жаштагы кызын өлтүрүүгө шектелип, райондук сотто акыл-эси кем болуп чыккан жарандын ишин облустук сот карайт
13-февралда "эжесинин 9 жаштагы кызын өлтүргөн" деп шектелген жарандын акыл-эси кем болуп чыкканы маалымдалган эле. Анда кылмыш ишин Жайыл райондук соту карап, айыпталып жаткан 19 жаштагы Амантур Тургунбек уулун “акыл-эси кем” деп тапкан жана ишти жабуу боюнча чечим чыгарган.
Бул чечимди жокко чыгаруу жана ишти кайра карап чыгуу арызы менен райондук прокуратура кийинки инстанцияга кайрылган. "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча айыпталган жарандын иши Чүй облустук сотунда каралат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 20-февралда билдирди.
Айта кетсек, 2014-жылдын 15-мартында Кара-Балта шаарынан 9 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 19 жаштагы Амантур Тургунбек уулу кармалган.
9 жаштагы кызды өлтүрдү деп шектелген бала кылмышты мойнуна алды
Акыл эси кем болсо да,озуно ылайыктуу жер бар да. Оорулуу деп эле делону жаап койгон болбойт.
+1
33SUUN
2015-02-21 01:01:26
Экспертизада жинди деген корутунду чыкса ал демек жинди.Бул баланы псих диспансерге жаткырыш керек.ИИМ-дин козомолундо.
0
Kylym
2015-02-21 02:34:45
Adamdar emne bolup baratabys,jindi ekendep delonu jap koigon bolboita,kinki kundoru adam olturgon chymyn olturgongo ele bara bar bolup kaldygo,kudai bisge yiman berse eken
0
JUROK
2015-02-21 09:13:37
Жазага тартылаарда эле жинди болуп чыга келишет.Салам Нью Йорктогу актер дагы жинди болуп, анан киного тартылаарда акыл эси жайында...
+1
Diana92kg
2015-02-21 23:24:24
О Кудайым ай, качан адамзат озуно келет экен э. 9 жашар кызда эмне куноо???? ((((
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.