Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 5 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 5 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.
Аламүдүн районунун Восток айылындагы Ленин көчөсү-126 дареги боюнча жайгашкан үйдүн бөлмөсүнүн 60 чарчы метр жыгач шыбы жана 60 чарчы метр жыгач полу күйгөн. Өрт электр жабдууларын пайдаланууда техникалык эреженин бузулушунан келип чыккан.
Ош шаарындагы Моминов көчөсүндө жайгашкан жыгач устундуу, темир жабылган, аянты 80 чарчы метр турак үйдүн чатыры, 50 чарчы метр жыгач шыбы, 2 эшик, 4 терезе жана башка бир катар эмеректер күйүп кеткен. Себеби такталууда.