17-21-февраль аралыгында 23-Февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата кичи футбол боюнча Жалал-Абад шаарынын мэринин кубогуна арналган мелдеш болуп өттү. Мелдешке 35 жаштан жогорку курактагы спортчулар катышып, чемпиондук үчүн жалпы 10 команда күч сынашты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинен кабарлашты.
Мэриядан кабарлашкандай, 3 күнгө созулган беттешүүнүн жыйынтыгында Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан “Динамо” командасы Сузак районунун командасы менен финалга чыкты. Жыйынтыгында финалдык оюнда 7:4 эсеби катталып, жеңиш “динамочулар” тарапта болду. Кубок ээсине 10 миң сом жана медалдар тапшырылды.