Бишкек шаарынын 12-кичи районунан таштанды таштоочу жайдан ымыркайдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына
Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Олжобай Казабаев билдирди. Анын айтымында, ымыркайдын жансыз денесин ушул аймактын жашоочулары таштанды таштоо үчүн келгенде көрүп калышкан. Милиция кызматкерлери жана соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү үчүн барган адистер ымыркайдын болжол менен 5-6 айлык болуп төрөлгөнүн аныкташты. Бул окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери башталды. Ошондой эле өз баласынан баш тартып, таштанды таштоочу жайга таштап кеткен эне изделип жатат.