Ак-Суу райондук сотунун сот аткаруучусу “кызмат абалынан пайдаланган” деп шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Ак-Суу районунун тургуну кайрылган. Анда ал Ак-Суу райондук сотунун кызматкери баласына карата оң чечим чыгарып берүү үчүн 15 миң сом талап кылганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, аталган кызматкер 10 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.