Бүгүн кыргызстандык мушкер Азат Усеналиев Дүйнөлүк бокс серияларында орусиялык мушкер менен беттешет

Кыргызстандык мушкер Азат Усеналиев бүгүн, 21-февралда Дүйнөлүк бокс серияларынын алкагында экинчи беттешин өткөрөт. “Украиналык атамандар” клубунун өкүлү 52 килограмм салмакта бул жолу орусиялык Василий Веткин менен кез келет.

Украиналык клубдун расмий сайты кабарлагандай, бул күнү “Украиналык атамандар” клубу менен Орусиянын курама командасынын беттеши болот. Жалпысынан анда 5 салмак категориясында бирден беттештин орун алары күтүлүүдө.

Орусиянын Волгоград шаарында өтө турган беттеште атаандаштар төмөнкү тартипте беттешишет:

52 килограмм салмакта

Василий Веткин - Азат Усеналиев

60 килограмм салмакта

Адлан Абдурашидов - Павел Ищенко

69 килограмм салмакта

Раджаб Бутаев - Олег Зубенко

81 килограмм салмакта

Павел Силягин - Александр Хижняк

91 килограмм салмакта

Максим Бабанин - Игорь Шевадзуцкий

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mamashov-emil
2015-02-21 13:50:36
kgznyn saaty menen kanchada aityp koigulachy
0
joysin777
2015-02-22 02:53:51
женилип калды раздельным решением судей победу присудили сопернику
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан