Дүйнө чемпиону, америкалык мушкер Флойд Мейвезер менен филиппиндик мушкер Мэнни Пакьяонун ортосундагы беттеш 2-майда орун алат. Бул беттеш боюнча келишимге эки тараптуу кол коюлганын чет элдик маалымат булактары жарыялашты.
Маалыматка ылайык, Пакьяого каршы беттеши үчүн Флойд Мейвезер 120 миллион доллар гонорар алышы мүмкүн. Ал эми Пакьяо алчу сумма 80 миллион долларды түзөт.
“Дүйнө эли бул окуяны күтүп келди. Мен күйөрмандарга убада кылгандай, беттештин уюшулуусу үчүн бүт аракетимди жумшадым. Бул жолку таймаш тарыхта калат. Ооба, мен май айында атаандашты утканды кандай жакшы көрөрүмдү далилдейм. Буга чейин мени утууга аракет кылган 47 мушкер мага утулган. Пакьяо утулгандардын кийинкиси болот”,- деп билдирген америкалык мушкер.