Жалал-Абад облусунда мал уурулугуна шектелген топтун мүчөлөрү колго түшүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, кармалган кылмышка шектүүлөрдүн үчөө Жалал-Абад облусунун тургундары болсо, экөө Ысык-Көл облусунун тургундары. Азырынча бирөө издөөдө жүрөт. Тергөөнүн жрүшүндө алардын мал уурулук боюнча 19 фактыга тиешеси бар экени аныкталды. Бул маалыматка таянсак, алар тарабынан жалпысынан 27 бодо мал, 8 майда жандык уурдалган. Жалпы келтирилген чыгымдын суммасы 1 миллион 450 миң сомду түзөт. Далил катары уурдалган малдардын айрымдары жана мал жүктөлүүчү Спринтер, Мерседес Бенц-230 унаалары көрсөтүлдү. Алар Жалал-Абад, Чүй жана Ысык-Көл облустарында уурулук менен алектенип келишкен.