Орусиянын "Russian Boxing Team" командасы Дүйнөлүк бокс серияларынын алкагында "Украиналык атамандар" командасын утуп алды. Командалык тиреште жалпысынан 5 беттеш орун алып, анын баарында орусиялыктар жеңишти камсыздашты. Украиналыктар мындай ири жеңилүү калыстардын орусиялыктарга тартканынан улам келип чыкты дешүүдө. Бул тууралуу орусиялык басылмалар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 52 килограмм салмакта Василий Веткин атаандашы Азат Усеналиевди утуп алды. 3 калыстын бири жеңишти Азатка ыйгарса, калган эки калыс орусиялыкты жеңүүчү деп тапкан. Кыргызстандык мушкер Азат Усеналиев жыл башынан бери аталган мелдеште экинчи беттешин өткөрдү. Бул анын биринчи жеңилүүсү экенин кошумчалай кетели.
Айта кетсек, аталган мелдешке 16 команда катышууда. Тайпалык баскычтагы жеке көрсөткүчтөргө карап, 10 салмак категориясында 17 мушкерге олимпиадалык жолдомолор берилет.