Беларуста Алманбет Анапияевдин агасын өлүкканага киргизбей жатышат

"Алманбет Анапияев" деп божомолдонгон жансыз дененин өздүгүн тактоого Беларуска Анапияевдин агасы жөнөдү. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда SUPER.KG порталына А.Анапияевдин жактоочусу Данияр Маманов билдирди.
Анын айтымында, агасы ал жерге дем алыш күндөрү барып калгандыгынан, аны дене сакталып турган жайга киргизбей жатышат. "Агасы менен бирге Беларуска Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнөн барганбы же жөнөй элекпи?" деген суроого жооп кайтаруудан жактоочу баш тартты. ИИМдин басма сөз кызматы да А.Анапияев боюнча расмий маалыматты бербей жатат.

Айта кетсек, 19-февраль күнү өлкөдөгү айрым массалык маалымат каражаттары Минскте белгисиз адамдар тарабынан Алманбет Анапияевдин өлтүрүлгөнүн жазып чыгышкан. Ошондой эле жансыз дененин жанында Анапияевдин сүрөтү чапталган Шакиров Алмазбек Мийзамовичтин атына берилген паспорт да болгон. 

"Уюшкан кылмыштуу топтун лидери Алманбет Анапияевдин сөөгү" деп божомолдонгон жансыз дене Минсктеги унаа токтотуучу жайлардын биринен кымбат баалуу унаанын багажынан табылган. Айрым ММКлар анын сөөгү батирден табылганын жазып чыгышкан эле. Азырынча Кыргызстандын Ички иштер министрлиги каза болгон жаран Алманбет Анапияев экенин тастыктай элек. Ал эми Беларустун Тергөө комитети Минск шаарында унаадан табылган жансыз дене боюнча расмий билдирүү таратты. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Факты боюнча бир канча версиялар каралып, азыркы тапта маркумдун өздүгүн тактоо боюнча иштер жүрүүдө. 

Ошондой эле Алманбет Анапияев бир канча беренелер боюнча айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн. Анын уюшкан кылмыштуу топтун лидери жана "кримавторитет" Камчы Көлбаевдин жакын адамы экени айтылып келет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
danyshman
2015-02-22 20:50:29
Курманбек Бакиев болуп чыгып калса эмне болот?
+5
edelveis0088
2015-02-22 23:43:36
danyshman, бироого олум тилегенче озуно омур тиле деген
0
SULUU-KYZ
2015-02-22 21:07:36
Ал болбой эле калса экен.
+2
hurrem2222
2015-02-22 21:38:37
Акаев болуп калсачы?
-2
jemile
2015-02-22 22:38:55
Анапияевди өлдү кылуу максатындагы эле иш чара, барына белгилүү ИИМге да, жакындарына да, Алманбеттин крышасына да..

Өлдү кылат да, бөтөн бирөөнүн сөөгү келет, болду!
Аты өлгөн, заты тирүү, 'зато' издөөдөн бошонду.
0
naera
2015-02-22 22:43:18
Ал ким озу тааныбайт экемин,айтып койгулачы жакшы кишиби же жаман?
0
Marta69
2015-02-22 22:54:35
Al krimavtoritet, kancha degen adamdyn ybal-coobuna kalgan.
-1
nurkojo
2015-02-22 23:27:35
Канчалаган кыйындар олуп баратат... Акыргы кундору менда ишенгендей болуп жатам олгонуно....
0
Nur45
2015-02-22 23:32:39
Азыркы олко башчы болуп калсачы.
+6
Ali-5
2015-02-22 23:36:32
озу эледа болбосо агасы бармак беле, тируу болгондо байланышса керек




+1
nurik-77788
2015-02-23 02:30:02
бул жерде бирдемке баар туугандар, имменно Минскте бул нерсе болуп жатат ИИМденда адамдар кошо барбаган агасы мн, Бакиевдер жерде болуп жатат олду олду кылсада озу тируу эле болсун
0
Aizat9393
2015-02-23 10:38:18
эми корбогондон кийин ишениш кыйын чындыгында,кыскасы ал олбогон болсо анда аябай жакшы болмок.
0
sumash
2015-02-23 10:38:53
Бул мындайча болушу мумкун менин жеке ойум. Алманбет издодо журото турабы. ошон учун олду кылыб койушду, дагы бир нерсе эмнеге Минск шаарында ал жереде Бакиевдер бар алар менен Алманбеттин байланышы жакшы биргиб туруб бири нерсе кылышкан,дагы бир нерсе деш кыйын
0
kg-bala87
2015-02-23 10:52:43
олбой эле калсын
0
atai9292
2015-02-23 11:20:32
ali-5 айткандай чындыгында эле олгондур болбосо ал деле уй ичин мынчалык азапка салбаса керек эле
0
Nurmatova
2015-02-23 21:44:58
Ал болбой калса экен!!! Кримавторитет болсо не экен/кайра ошол киши канчалаган балдар уйу менен карылар уйунуно жардам берип турган((( эми аларга ким жардам берет?
Баатырдын жаны бир октук деген туура эле негизи.(


Рысбек Акматбаевди да тируу экен деп айтышат ко тируу экенбичын эле?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан