Казакстандык мушкер Геннадий Головкин британиялык Мартин Мюррейди утуп, Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясынын (WBA) чемпиондук наамын, Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясынын "Убактылуу чемпион" наамын коргоп калды. 72,6 килограмм салмакта өткөн беттеш 11-раундда нокаут менен аяктады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, Головкин акыркы 19 беттешинин баарында нокаут менен жеңишке жетишкен. Бул көрсөткүчү менен ал легендарлуу мушкер Майк Тайсондун рекордун кайталады. Кызыгы, Тайсон 19 мушкерди нокаутка учуратуу үчүн болгону 1,5 жыл сарптаган. Бул окуя анын карьерасы башталган 1985-жылга туура келет.
Кошумчалай кетсек, 32 жаштагы казакстандык мушкер прфессионалдык рингде 32 беттеште 32-жеңишин камсыздады. Жалпысынан анын 29ун мушкер мөөнөтүнөн мурун жүз төмөнүнөн кулаткан.