Ноокат районунда ок атуучу куралды мыйзамсыз сактаган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 21 жаштагы жергиликтүү тургундун жашаган жери текшерүүгө алынган. Анда Макаров үлгүсүндөгү мыйзамсыз сакталган тапанча табылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө тапанчанын 37 жаштагы А.Т. аттуу жаранга катталганы аныкталган.