Бишкекте 54 жаштагы айым алдамчылыкка шектелүүдө

Борбор калаада алдамчылыкка шектелген айым кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, алдамчылыкка шектелген айым Түркияга арзан баадагы жолдомо убада кылып жабырлануучулардан акча алып, изин суутуп кетчү. Аталган айымдын үстүнөн милицияга бир нече жарандан арыз түшкөн. Алардын бири 148 миң сом берип, жолдомолорун ала албай калганын айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 54 жаштагы Аламүдүн районунун тургуну кармалды. Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүп жатат. Жабырлануучулардын жалпы келтирилген чыгымынын суммасы 358 миң сомду түзүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан