Аламүдүн районунда унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-февралда Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 25 жаштагы тургун кайрылган. Анда ал 20-февраль күнү унаасын белгисиз адамдар айдап кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 27 жаштагы Николай кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.