Борбор калаада тоноочулукка шектелген 4 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 22 жаштагы Я.Д. аттуу жаран кайрылган. Анда ал 19-февраль күнү 6-кичи райондун аймагынан белгисиз 4 жаран күч колдонуу менен 8 миң сом акчасын жана уюлдук телефонун алып кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 19 жаштагы Н.Б, 20 жаштагы К.Н. жана 18 жаштагы И.Н., А.М. аттуу жарандар кармалышты. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.