Өзгөн районунда 11 кызды сойкулук менен алектендирип жүргөн айым кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, сойкукана Өзгөн районунда жайгашкан жеке мейманканалардын биринин ичинен табылган. "Сойкукананы уюштурган" деген шек менен 41 жаштагы А.Н. аттуу айым кармалган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.