Бүгүн, 23-февралда Ички иштер министрлиги "Алманбет Анапияев делген адамдын сөөгү бүгүн Ошко алынып келет" деп SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка караганда, Алманбет Анапияевдин манжа издери Беларуска жөнөтүлгөн, бирок ал жактан расмий жооп келе элек. Ошондой эле бүгүн Алманбет Анапияев делген адамдын сөөгү Ошко алынып келери күтүлүүдө.
Айта кетсек, 19-февраль күнү өлкөдөгү айрым массалык маалымат каражаттары Минскте белгисиз адамдар тарабынан Алманбет Анапияевдин өлтүрүлгөнүн жазып чыгышкан. Ошондой эле жансыз дененин жанында Анапияевдин сүрөтү чапталган Шакиров Алмазбек Мийзамовичтин атына берилген паспорт да болгон.
"Уюшкан кылмыштуу топтун лидери Алманбет Анапияевдин сөөгү" деп божомолдонгон жансыз дене Минсктеги унаа токтотуучу жайлардын биринен кымбат баалуу унаанын багажынан табылган. Айрым ММКлар анын сөөгү батирден табылганын жазып чыгышкан эле. Азырынча Кыргызстандын Ички иштер министрлиги каза болгон жаран Алманбет Анапияев экенин тастыктай элек. Ал эми Беларустун Тергөө комитети Минск шаарында унаадан табылган жансыз дене боюнча расмий билдирүү таратты. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Факты боюнча бир канча версиялар каралып, азыркы тапта маркумдун өздүгүн тактоо боюнча иштер жүрүүдө.
Айта кетсек, Алманбет Анапияев бир канча беренелер боюнча айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн. Анын уюшкан кылмыштуу топтун лидери жана "кримавторитет" Камчы Көлбаевдин жакын адамы экени айтылып келет.