Данияр Маманов, адвокат: "Алманбет Анапияев делген адамдын сөөгү экспертизанын жыйынтыгы чыкмайынча эч кимге берилбейт"

"Алманбет Анапияев" деп божомолдонгон жансыз дене медициналык соттук-экспертизанын жыйынтыгы чыкмайынча эч кимге берилбейт. Бул тууралуу бүгүн, 23-февралда SUPER.KG порталына А.Анапияевдин башкы адвокаты Данияр Маманов билдирди.

Анын айтымында, бул иш эл аралык деңгээлдеги талкуу жаратуучу маселе болгондуктан, Беларусь тарап буга өзгөчө маани берет. "Анапияев делген адамдын сөөгү Ошко алынып келинет" деп ИИМ берген маалымат боюнча эч нерсе айта албайм, анткени сөөктү Кыргызстанга алып келүүгө али эрте. Тиешелүү экспертизалар өткөрүлүп бүтүшү керек. Аны көчөдөн эле келген адамга бере бербейт да. 

Экинчи адвокат (Жыргалбек Бабаев - ред.) сөөктүн Ошко алынып келиниши тууралуу кабарды Анапияевдин чоң-алайлык жердештеринен угуп берген. Бирок учурда Беларуста Анапияевдин агасы жана жердештери маркумдун өздүгүн тактоо иштерин күтүшүүдө. Бүгүн майрам күнү болгондуктан, дагы бир канча мөөнөт күтүүгө аргасыз болуп жатышат",- деди Маманов.

Айта кетсек, 19-февраль күнү өлкөдөгү айрым массалык маалымат каражаттары Минскте белгисиз адамдар тарабынан Алманбет Анапияевдин өлтүрүлгөнүн жазып чыгышкан. Кечээ, 22-февралда Анапияевдин агасы Беларуска дем алыш күндөрү барып калгандыгынан, аны дене сакталып турган жайга киргизбей жатышканы белгилүү болгон. Ал эми бүгүн, 23-февралда КРнын ИИМи "Алманбет Анапияев делген адамдын сөөгү бүгүн Ошко алынып келет" деп билдирген.

"Алманбет Анапияевдин сөөгү" деп божомолдонгон жансыз дене Минсктеги унаа токтотуучу жайлардын биринен кымбат баалуу унаанын багажынан табылган. Айрым ММКлар анын сөөгү батирден табылганын жазып чыгышкан. Беларустун Тергөө комитети Минск шаарында унаадан табылган жансыз дене боюнча расмий билдирүү тараткан. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Факты боюнча бир канча версиялар каралып, азыркы тапта маркумдун өздүгүн тактоо боюнча иштер жүрүүдө. 

Алманбет Анапияев бир канча беренелер боюнча айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн. Анын уюшкан кылмыштуу топтун лидери жана "кримавторитет" Камчы Көлбаевдин жакын адамы экени айтылып келет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aigerimkeneshkyzy
2015-02-23 21:31:56
vaaai jamman boluptur
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан