“Дордой” футболдук клубу “Ала-Тоо Кубогу-2015” мелдешин утуп алды

Бишкектик “Дордой” клубу “Ала-Тоо Кубогу-2015” мелдешин утуп алды. Мелдеш 4 күнгө созулуп, Кант шаарында өттү. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, бишкектик клуб тайпада биринчи орунду камсыздап, жарым финалга жолдомо алган. Жарым финалда “дордойчулар” “Абдыш-Атаны” 5:0 эсебинде утуп, финалга чыгышты. Чечүүчү беттеште “Дордой” менен дагы бир бишкектик клуб “Алга” кез келди. Анда негизги убакыт 0:0 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктагандыктан, жеңүүчү пенальтилер сериясында аныкталды. Анда “дордойчулар” жеңишке жетишти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurkasym-2014
2015-02-24 08:44:20
Ээ ушу биздин фудбольдук клубтар уйдо баатыр четке чыкса эле эштеке жок.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан