Беларуста өлтүрүлүп, өздүгү такталбай жаткан жаран Алманбет Анапияев экенин бир тууган агасы тастыктады

Беларуста өлтүрүлүп, өздүгү такталбай жаткан жарандын Алманбет Анапияев экени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-февралда SUPER.KG порталына Беларуста жүргөн А.Анапияевдин агасына шилтеме берүү менен Чоң-Алай районундагы бир тууган агасы билдирди.
Маркумдун сөөгү качан алынып келинери белгисиз. Буга Беларустагы документтик маселелер себеп болуп жатканын, Анапияевдин сөөгү Чоң-Алайда жерге берилерин билдирди ал.
Айта кетсек, 19-февраль күнү өлкөдөгү айрым массалык маалымат каражаттары Минскте белгисиз адамдар тарабынан Алманбет Анапияевдин өлтүрүлгөнүн жазып чыгышкан. Кечээ, 22-февралда Анапияевдин агасы Беларуска дем алыш күндөрү барып калгандыгынан, аны дене сакталып турган жайга киргизбей жатышканы айтылган. Ал эми бүгүн, 23-февралда КРнын ИИМи "Алманбет Анапияев делген адамдын сөөгү бүгүн Ошко алынып келет" деп билдирген.
"Алманбет Анапияевдин сөөгү" деп божомолдонгон жансыз дене Минсктеги унаа токтотуучу жайлардын биринен кымбат баалуу унаанын багажынан табылган. Айрым ММКлар анын сөөгү батирден табылганын жазып чыгышкан. Беларустун Тергөө комитети Минск шаарында унаадан табылган жансыз дене боюнча расмий билдирүү тараткан. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Факты боюнча бир канча версиялар каралып келген.
Алманбет Анапияев бир канча беренелер боюнча айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн. Анын уюшкан кылмыштуу топтун лидери жана "кримавторитет" Камчы Көлбаевдин жакын адамы экени айтылып келет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
nurik2103
2015-02-23 18:02:28
Супер кg порталына белорустагы агасына шилтеме беруу менен Чон Алайдагы бир тууган агасы билдирди деген жерине тушунбой койдум, соогу келе елек болсо кайактан билди
-1
emirhan
2015-02-23 18:08:14
nurik2103, бир тууган агасы барган Белорусия га соокту тааныганга эми тушундунбу ?
-2
Aizat9393
2015-02-23 19:17:29
жаткан жери жайлуу болсун билип билбей жасаган куноолорун кудайым озу кечирсин бир туугандарына сабырдуулук тилейм.чындыгында биз бул жалган дуйнодо конокбуз.((
0
chon-alai90
2015-02-23 19:31:17
аллахым оз рахматыга алсын элге коптогон жардамдарды берди прездентда андай жардам бере албайт. Мындай адам бир кылымда бир жаралат.жаткан жерин жайлуу болсун элин сени эч качан унутбайт.
0
Drogba
2015-02-23 21:13:52
Бейишин берсин аала ким болсо дагы барибир Кыргыз тууганыбыз экен.
0
Nurmatova
2015-02-23 22:06:24
Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун:((((


Аллахым буга чейин жасаган куноолорун кечирсин((((
0
asad9
2015-02-23 22:15:42
саясатчылар бутуп эми черныйлар калдыбы
силерге айла жок экен
0
kama_future_millioner
2015-02-23 23:26:49
Жаткан жери жайлуу болсун
0
Nur-kg
2015-02-23 23:42:48
kаirаtmyn, башка планетадан келген эмес эч ким. Балким бул политика болуп жаткандыр.
0
adilet_akamgo
2015-02-24 00:01:07
жаман болуптур ким олтурушу мункун
0
Bexa9595
2015-02-24 01:19:48
adilet_akamgo, жеке пикирим тиги бийликте отургандар, анан дагы чеченянын башчысы рамзан кадыров, азиз батукаев дегендердин буйрутмасы мн жок болду бул патриот спортсмен жана кыргыздарды кыргызстандагы башка улуттагы черныйлардан коргогон агабыз
0
joni_91
2015-02-24 00:21:41
Ишенуу кыйынго
0
kyrgyz.93
2015-02-24 02:09:47
Жаткан жери айлуу болсун кыргыз менен жашайсыз жок болсонузда
0
asi_312kg
2015-02-24 02:25:48
Азиз Батукаевди салтанатту турдо турмодон чыгарып ийишип биздин чон соройлор. Кыргыз учун куйгон адамдарды куугунтуктап, галдирбайлар аман эле болгула! Батукаевдин тиешеси бар деп ММК лар жазылып эле жатышпайбы агабыздын олумуно.
+4
sherxan
2015-02-24 02:53:07
жаткан жери жайлу болсун
0
Rasuli
2015-02-24 05:22:39
Алманбет акебиз чындыгында кыргызга күйгөн жан эле, Ош окуясынан деле билсек болот
+1
Aramisa
2015-03-23 00:53:50
4 адам. А.Б М.Т О.Т Сакал.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан