Борбор калаада жол кырсыгы катталып, айдоочу каза тапты. Бул тууралуу ИИМдин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 22-февралда Жукеев-Пудовкин жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен болгон. Анда кичи автобус менен жеңил унаа сүзүшкөн. Катуу соккудан улам кичи автобус ала салып кеткен. Натыйжада анын 58 жаштагы айдоочусу оор жаракат алып, окуя болгон жерден каза тапкан. Андан сырткары бир жүргүнчү жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Учурда бул жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.