Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, өткөн суткада республиканын аймагында 7 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 8 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Өзчөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Аламүдүн районундагы Тоголок Молдо - Саадаев көчөлөрүнүн кесилишинде Степ үлгүсүндөгү унаа бакты сүзүп, толугу менен күйүп кетти. Өрттөн улам алыс эмес жердеги азык-түлүк сатуучу темир контейнердин 30 чарчы метр жыгач менен капталган ички дубалы, 2 куб бош картон, азык-түлүк түтүнгө ышталып, жараксыз абалга келген. Өрт кырсыгы жол кырсыгынан улам келип чыккан. Ошондой эле Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндөгү үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Анын кесепетинен жыгач устундуу, шифер менен жабылган 88 чарчы метр турак үйдүн чатыры, 200 боо чөп күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.