Бишкекте жеңил атлетика боюнча өлкө биринчилиги аяктады

20-21-февраль күндөрү Бишкекте 17 жашка чейинки кыздар жана балдар арасында жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын Ачык биринчилиги болуп өттү. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, мелдеш аталган спорт түрүн өлкөдө жайылтуу, курама команданы даярдоо жана спортчулардын чеберчилигин арттыруу максатында уюштурулду.

Анда спорт аянтына өлкөнүн бардык аймактарынан келген 350 спортчу чыгып, өз күчтөрүн сынашты. Мелдештин жыйынтыгы Кытайда өтө турган жабык имараттардагы Азия оюндарына бара турган курамды тандоодо роль ойнойт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан