Жалал-Абадда Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш өттү

Кечээ, 23-февралда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы "Телтору" ат майданында көк бөрү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу 24-февралда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чаранын башында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу  өкүлчүлүгүнүн орун басары Бактыбек Анаркулов сөз сүйлөп, каалоо айтып өттү.

Жыйынтыгында 1-орунду "Сузак-2" (25 миң сом), 2-орунду Жалал-Абад ШИИБи (20 миң сом), 3-орунду Ноокен РИИБи (15 миң сом), 4-орунду Каржы полициясынын (5 миң сом) курама командалары ээлешип, акчалай сыйлыктарды алышты.

Мелдеш Жалал-Абад ОИИБинин жетекчилигинин демилгеси менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн   Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн колдоосу астында уюштурулду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан