24-февралдан 25-февралга караган түнү УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалында каталондук “Барселона” конокто англиялык “Манчестер Ситини” утуп алды. “Барселонага” жеңиш алып келген эки голду тең уругвайлык Луис Суарес киргизди. Ал эми англиялыктардын жалгыз голун Серхио Агуэро өз атына жаза алды. Оюндун 74-мүнөтүндө “Манчестер Ситинин” коргоочусу Гаэль Клишиге кызыл айып кагазы көрсөтүлүп, ал майдандан четтетилди. Коноктордо эсеп артыкчылыгын арттыруу мүмкүнчүлүгү көп болду, бирок Лионель Месси акыркы мүнөттөрдө 11 метрлик айып соккусун киргизе алган жок.
Кошумчалай кетсек, бул беттеш плей-офф баскычындагы, тактап айтсак, жарым чейрек финалдагы алгачкы оюн болуп эсептелинет. Командалардын ортосундагы жооптук оюн 18-мартта орун алат.