“Ювентус” (Италия) – “Боруссия” (Германия) – 2:1
Турин шаары. “Ювентус” стадиону
Голдор: Карлос Тевес (13-мүнөттө), Марко Ройс (18-мүнөттө), Альваро Мората (43-мүнөттө).
Кечээ, 24-февраль түнү УЕФАнын Чемпиондор Лигасында Италиянын чемпиону “Ювентус” германиялык “Боруссия” (Дортмунд) клубун кабыл алды. Мелдештин жарым чейрек финалында кез келген командалар кызыктуу оюн көрсөтүп, гол киргизип калуу мүмкүнчүлүктөрүн акыркы мүнөттөргө чейин сынашты. Бул жолу башкы курамда майданга чыгып, алгачкы мүнөттөрдөн тарта аракетин көрсөткөн Альваро Мората өз эсебине 1 гол, 1 натыйжалуу пас берди. Ал эми каршы чабуулга ойногон “Боруссиянын” оюнчулары италиялыктардын бир катасынан пайдаланып, гол жарата алышты. Бул конокто киргизилген гол коноктор үчүн канчалык маанилүү экенин жооптук оюндун жыйынтыгында көрө алабыз. Жооптук оюн 18-мартта Германияда өтөт.