Сууда сүзүү боюнча кыргыз өлкөсүнүн курама командасы 26-февралдан 9-мартка чейинки аралыкта Германияда өтүүчү эл аралык мелдешке катышат. Берлин жана Мюнхен шаарларында өтө турган мелдешке кыргыз спортчулары Султан Букеев, Станислав Карнаухов, Кирил Влайс жана Дмитрий Александров сыяктуу спортчулар катышат. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, алардын мелдешке катышуусу үчүн Олимпиада даярдоо борборунан 324 200 сом бөлүнгөн.