Үстүбүздөгү жылдын 13-мартында сумо спорту боюнча Бишкек шаарынын Ачык биринчилиги өтөт. Мелдешти уюштуруу боюнча Бишкек шаардык спорт комитети менен Япониянын элчилигинин ортосунда макулдашуу ийгиликтүү болгонун мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, элчиликтин үчүнчү катчысы Котоми Тада менен Спорт комитетинин башчысы Шейшенкул Бакиров бул маселе боюнча жолугушуп, макулдашышты. Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өтө турган мелдеш алкагында Япониядан келген профессионал сумочулар жергиликтүү спортчуларга өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт.