Жалал-Абад суу чарба башкармалыгындагы ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган башкармалык менен жеке жактын ортосунда 100 миң сомдук жумушту бүтүрүп берүү боюнча келишим түзүлгөн. Бирок келишимде көрсөтүлгөн сумма Жалал-Абад суу чарба башкармалыгынын кассасына которулган эмес. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.