Бүгүн Чемпиондор Лигасында “Арсенал” менен “Атлетиконун” футболчулары оюн көрсөтүшөт

Бүгүн, 25-февралда УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалдык оюндары өтөт. Анда англиялык “Арсенал” өз үйүндө Франциянын өкүлү “Монакону” кабыл алат. Ал эми бул мелдеште акыркы сезондо финалга чыккан “Атлетико” Германиянын “Байер” клубуна каршы турат. Бул плей-офф баскычындагы алгачкы оюндар экенин кошумчалай кетели.

“Арсенал” (Англия) – “Монако” (Франция)

Лондон шаары. “Эмирейтс” стадиону  

Калыс: Дениз Айтекин (Германия)

Башталышы: 01:45 (Бишкек сааты боюнча)

Арсен Венгер, “Арсеналдын” башкы машыктыруучусу:

- Мен “Арсеналды” 18 жылдан бери машыктырып келем. Быйыл чейрек финалга жетүү аракетин катуу көрүүдөбүз. Эгер сандарга көз сала турган болсок, “Монако” тайпалык баскычта 11 упай алган. Жалпысынан 4 гол каршылаштарына киргизип, 5 гол өз дарбазасына өткөргөн. Демек, бул команда коргонууда мыкты. Биздин команда каршы чабуулдарда да сак болууга тийиш.

 

“Байер” (Германия) – “Атлетико” (Испания)

Леверкузен шаары. “БайАрена” стадиону  

Калыс: Павел Краловец (Чехия)

Башталышы: 01:45 (Бишкек сааты боюнча)

Диего Симеоне, “Атлетиконун” башкы машыктыруучусу:

- Биз үчүн бул өтө маанилүү оюн. Оюндун алгачкы мүнөттөрүнөн тарта демилгени колго алып, оюндун өнүгүшүн көзөмөлгө алууну каалайбыз. “Байер” мыкты команда экенин танбайм. Оюн 0:0 эсебинде баштала турганын эске алсак, эки команданын жеңиш үчүн мүмкүнчүлүгү бирдей. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
admin_portal
2015-02-25 17:49:02
sagyn01, сунушуңузга рахмат.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикир, сунуш, суроолор info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
Nur45
2015-02-25 17:58:13
Атлетико утат...+999
0
aslan77777
2015-02-25 18:52:55
Nur45, Арсенал...+9999
+1
Akman95
2015-02-25 19:36:59
Мен да Арсеналга куйормандык кылам аларга ийгилик каалайм
0
fara2503
2015-02-25 21:01:48
Менин жеке оюм Арсенал жана Атлетико 1/4 финалга чыгат
0
fara2503
2015-02-25 21:02:34
А Санческе соз жок быйыл бала катуу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан