Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалында кезектеги оюндар орун алып жатат. 25-февралдан 26-февралга караган түнү англиялык "Арсенал" өз үйүндө Франциянын "Монако" клубун кабыл алды. Бул оюндун жыйынтыгы көпчүлүк күткөндөй болгон жок. Анткени коноктор 3 гол киргизип, ири жеңишти камсыздай алышты. Ал эми "Арсенал" 1 гана ирет айырмаланды. Оюндан кийин "Арсеналдын" башкы машыктыруучусу
Арсен Венгер төмөнкүлөргө токтолду:
"Эгер сен өз оюнуңду көрсөтө албасаң, каршылаштардын жазасын аласың. Биз коргонууда да ачык ойноп койдук. Азырынча баары чечилди же "Монако" кийинки баскычка чыкты деп айтууга эрте. Жооптук оюнда баары чечилет". Кошумчалай кетсек, бул командалардын ортосундагы жооптук оюн 17-мартта Францияда өтөт.