Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча олимпиадалык курама командасы 2016-жылы өтүүчү Азия чемпиондугунун тандоо туруна даярдыгын баштады. КРнын Футбол федерациясы маалымдагандай, курамга 27 жаш футболчу кирген.
Даярдыктын алкагында олимпиадалык курама 27-28-февраль күндөрү Алматы шаарында казакстандык “Кайрат-2” жана ЦСКА клубдары менен жолдоштук беттеш өткөрөт. 9-мартка чейин футболчулар Бишкекте даярданышат. Андан соң олимпиадалык курам Түркияда машыгуу сборун өткөрөт.
Курамга кирген оюнчулар: Алыбеков Дастан (“Живое пиво” клубу), Ахматалиев Мирбек (“Алга”), Баратов Давлятжан (“Наше пиво”), Боколеев Абай (“Ала-Тоо”), Дуванаев Бекмырза (“Алай”), Дүйшөбеков Бахтияр (“Абдыш-Ата”), Жыргалбек уулу Кайрат (“Дордой”), Карипов Манас (“Абдыш-Ата”), Козубаев Тамирлан (“Дордой”), Көлбаев Кайрат (“Ала-Тоо”), Кудайбердиев Мирбек (“Абдыш-Ата”), Момунов Султан (“Абдыш-Ата”), Мусабеков Фархат (“Абдыш-Ата”), Найденов Егор (“Дордой”), Оморов Илим (“Алга”), Откеев Авазбек (“Дордой”), Сагынбаев Бекжан (“Дордой”), Салиев Оскар (“Алга-2”), Сардарбеков Эльдияр (“Наше пиво”), Ситоленко Андрей (“SV Emsdorf”, Германия), Сокирченко Данил (“Живое пиво”), Темирбаев Элхан (“Дордой”), Умаров Акрам (“Абдыш-Ата”), Шаршеев Санжар (“Дордой”), Шикин Андрей (“Наше пиво”), Эшимов Кудайберген (“Абдыш-Ата”), Юсупов Мустафа (“Ала-Тоо”)
Башкы машыктыруучу: Эшенов Мирлан