Футбол боюнча Италия курамасынын мурунку капитаны Фабио Каннаваро 10 айга эркинен ажыратылат. Бул тууралуу эл аралык маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Фабио учурда Кытайдын “Гуанчжоу Эвергранд” командасын машыктырып келет. Камакка алуу чечиминин чыгуусуна футбол ишмеринин мыйзам бузууларга барганы себеп болгон. Учурда анын салык төлөөдөн баш тартканына байланыштуу иликтөө иштери жүрүп жатат. Ага кошумча футболчунун бир тууганы Паоло жана жубайы Даниэла Аренозо да камакка алынат. Буга чейин бул үй-бүлөнүн алдамчылык фактысына шектелип келгени айтылган.
Кошумчалай кетсек, Фабио Каннаваро 2006-жылы Италия курамасынын Дүйнө чемпиондугун утуусуна зор салым кошкон. Ушул эле жылы ал ФИФАнын версиясы боюнча жылдын мыкты футболчусу болуп табылып, “Алтын топ” сыйлыгын алган.