12-13-февралда Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда "Кызыл жылдыз" орденинин ээси, самбо боюнча СССРдин спорт чебери Виталий Гордеевдин элесине арналган самбо боюнча эл аралык мелдеш өтөт. КРнын Самбо федерациясы маалымдагандай, мелдеш “Согуштук” жана “Спорттук” самбо болуп эки этапта өтөт. Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын спортчулары катышмакчы.