Бүгүн, 27-февралда Дүйнөлүк бокс серияларында “Украиналык атамандар” клубу Куба өлкөсүнүн командасына каршы турат. Бул каршылашуунун алкагында украиналык клубдун намысын 56 килограмм салмакта жердешибиз Өмүрбек Малабеков талашат. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт. Маалыматка ылайык, бир катар ири мелдештерде ийгилик жаратып келген Өмүрбек Малабековдун атаандашы Энди Круз Гомез болмокчу.
Орун ала турган беттештер:
49 килограмм салмакта:
Хасанбой Дусматов — Йоханез Аргилагос Перез
56 килограмм салмакта
Өмүрбек Малабеков — Энди Круз Гомез
64 килограмм салмакта
Владимир Матвийчук — Яснер Толедо Лопез
75 килограмм салмакта
Хуршидбек Норматов — Арлен Лопез Кардона
91 килограмм салмакта
Сергей Корнеев — Эриснальди Костилья Савон
Кошумчалай кетсек, Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясы – жарым профессионалдык клубдар арасындагы ири мелдеш. Мелдештин бул сезонуна 16 клуб катышууда. Мелдештеги “Украиналык атамандар” клубунун курамына Ө.Малабеков быйыл кошулду. Мелдештин жыйынтыгына карап 10 салмак категориясында “Рио-де-Жанейро-2016” Олимпиадасына жолдомо ойнотулат.