Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча олимпиадалык курама командасы 2016-жылы өтүүчү Азия чемпиондугунун тандоо туруна даярдана баштады. Даярдыктын алкагында футболчуларыбыз казакстандык “Кайрат” клубунун жаштар командасы менен жолдоштук беттеш өткөрүштү. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, беттештин биринчи бөлүгү казакстандык клубдун жеңиши менен 1:0 эсебинде аяктаган. Оюндун экинчи бөлүгү башталган соң мекендештерибиз эсепти теңей алышты. Кыргыз футболчуларынын тең чыгуусун камсыздаган голду Кайрат Жыргалбек уулу киргизди.
Кошумчалай кетсек, кыргызстандык жаш футболчулар кезектеги жолдоштук оюнун 28-февралда ЦСКА клубуна каршы өткөрүшөт.