Дүйнөлүк бокс серияларында жердешибиз Өмүрбек Малабеков биринчи беттешинде утулуп калды

27-февралда Дүйнөлүк бокс серияларында “Украиналык атамандар” клубу Куба өлкөсүнүн командасы менен беттешти. Командалык тирештин алкагында 2 команданын 5тен мушкери беттешип, жыйынтыгында кубалыктар 5 беттештин үчөөсүндө утуп чыгышты. Анда украиналык клубдун намысын 56 килограмм салмакта жердешибиз Өмүрбек Малабеков талашты. Ал атаандашы Энди Круз Гомезге упай катыштыгында уттуруп жиберди. 3 калыс бир добуштан жеңишти кубалык мушкерге ыйгарышты (47:48, 47:48, 46:48). 
Кошумчалай кетсек, Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясы – жарым профессионалдык клубдар арасындагы ири мелдеш. Мелдештин бул сезонуна 16 клуб катышууда. Мелдештеги “Украиналык атамандар” клубунун курамына Ө.Малабеков быйыл кошулду. Мелдештин жыйынтыгына карап 10 салмак категориясында “Рио-де-Жанейро-2016” Олимпиадасына жолдомо ойнотулат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aika-87
2015-03-01 22:25:58
Молодец алга кыргыз боксеру
+1
kama_future_millioner
2015-03-02 00:01:03
Жеңилгенди жер көтөрөт
0
joysin777
2015-03-02 02:02:44
бой был почти равным Малабекову совсем немного не хватило для победы совсем даже не плохо для дебютанта
0
Bektur2
2015-03-02 08:14:40
Ийгиликтин эрте кечи жок бугун болбосо эртен жениш биздики АЛГА КЫРГЫЗ АЛГА
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан