Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча олимпиадалык курама командасы 2016-жылкы Азия чемпиондугунун тандоо туруна даярдана баштады. Даярдыгынын алкагында футболчуларыбыз Казакстандын ЦСКА клубу менен жолдоштук беттеш өткөрүп, 4:1 эсебинде утулуп калды. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы маалымдады.
Маалыматка ылайык, 1-тайм 1:0 эсебинде казакстандыктардын пайдасына аяктаган. 2-тайм башталганда жердештерибиз эсепти теңешти. Бирок каршылаш тарап дагы 3 гол киргизип, жеңишти камсыздады.